super.kg logo

Индияда поезддер кагышып 120 адам каза болду

 

Индиянын Одиша штатында эки жүргүнчү ташыган жана бир жүк ташуучу поезддердин кагылышуусунан 120 адам каза болуп, 850дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, поезддердин кагылышуусу жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:20да Индиянын Баласор шаарына жакын жерде болгон.

Темир жол органдарынын маалыматына караганда, Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен чыгып, каршы жолго кулап түшкөн. Андан кийин дагы бир жүргүнчү ташыган поезд аларды сүзүп, натыйжада дагы үч-төрт вагон рельстен чыгып кеткен.

Учурда жеринде жүздөгөн куткаруучулар иш алып барышууда. Көптөгөн жүргүнчүлөр оодарылып кеткен вагондордун астында калышы мүмкүн.

Айрым маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 200дөн ашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: