super.kg logo
  Саясат  

Чолпон-Атадагы президенттердин жолугушуусу жыйынтыкталды

 

Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу аяктады.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышты.

Өз ара саламдашуудан жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин, бардык өлкө лидерлери, БА делегация башчылары жана Европа кеңешинин президенти сөз сүйлөштү.

Делегация башчылары региондун актуалдуу маселелерин, регионалдык интеграцияны, Европа Бирлиги менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле бардык багыттар боюнча, анын ичинде ЕБ менен мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү активдештирүү боюнча аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусунун жыйынтыгында биргелешкен пресс-коммюнике кабыл алынды.

Иш-чара Президент Садыр Жапаровдун атынан расмий кабыл алуу менен аяктады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары болмокчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: