super.kg logo

Орусия өлкөдөгү такси айдоочуларынын убактысын чектейт

 

Орусияда жеке жактар ​​болгон такси айдоочуларынын иштөө убактысы чектелди. Бул тууралуу өкмөт токтом чыгарганын ТАСС басылмасы жазды.

Тактап айтканда, эми Орусияда такси айдагандар күнүнө 12 саат гана иштей алышат. Жарлык 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана 2029-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.

"Жеке адамдын (такси айдоочусунун) нормалдуу иштөө убактысы календардык жумада 40 сааттан ашпоого тийиш", - деп айтылат Орусия өкмөтү жарыялаган документте.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасы такси айдоочуларын мамлекеттик деңгээлде аныктоону сунуштаганы маалымдалган. Анда квалификациялык талаптарды белгилөө жана бул кесипте иштегендердин эмгек жана социалдык укуктарын коргоо маселесин чечүү тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: