super.kg logo

Диний уюмдун өкүлдөрү УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

 

Пара берүүгө аракет кылган диний уюмдун өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен чет элдик жаран К.С. жана Кыргыз жараны Ш.Л. кармалган.

"Христиандык диний уюмдардын биринин өкүлдөрү мурда диний чөйрөдөгү мыйзамдардын нормаларын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган. Алар белгиленген тартипте диний иш жүргүзүүгө уруксат албастан чет өлкөлүк миссионерлерди тартуу менен диний ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Айып салынгандан кийин чет элдик жаранга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө расмий уруксат берилген эмес. Мындан улам диний уюмдун өкүлдөрү бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын кызматкерине кайрылып, кызмат үчүн 1000 доллар сунушташкан.

29-майда чет элдик жаран К.С. жана Кыргыз жараны Ш.Л. пара катары 500 долларды УКМКнын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды", - деп билдиришти УКМКдан.

Чет элдик жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: