super.kg logo

"Суу жетишсиз". Бишкекте унаа жуучу жайлар жана мончолор жабылууда

 
Ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам борбордо мончолор жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ичүүчү суунун кескин тартыштыгына байланыштуу борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүзгөн.
Рейддин жыйынтыгында сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана унаа жуучу жай убактылуу жабылды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат.
Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгычы болуп саналат, ал ичүүчү суунун 40 пайыздан ашыгын камсыздайт.
Акыркы жылдарда, өзгөчө жай мезгилинде калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кетти. Бир кишиге суткасына орточо суу керектөө 170 литрден 410 литрге чейин, башкача айтканда, 241 пайызга өскөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: