super.kg logo

Акылбек Жапаров Сары-Жаз дарыясына ГЭС курула турган жерди тик учак менен үстүнөн көрдү (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облустун бир катар объекттери менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

МинКаб төрагасы алгач “Сары-Жаз дарыясына ГЭС каскадын куруу” долбоорунун алкагында гидроэлектростанциялар курула турган жерди вертолёт менен үстүнөн көрдү.

Белгилей кетсек, Сары-Жаз дарыясына жалпы кубаттуулугу 1100 МВт болгон 6 ГЭСтин каскадын Кытай менен биргеликте куруу пландалууда. Бул долбоордун максаты, электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтуу жана керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын “Борбордук Азиядагы аймактык байланыштарды жакшыртуу боюнча программалардын үчүнчү фазасы” долбоорунун алкагында Түп - Кеген жана Каркыра - Турук - Сары-Жаз унаа жолдорунун курулушу менен таанышты. Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн жогорудагы жолдорду куруу иштерин 2025-жылы бүтүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Каракол шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча аткарылган жана аткарыла турган транспорт, өндүрүш жана туризм сыяктуу бир катар тармактардагы аткарылып жаткан иштерден кабардар болду.

Акылбек Жапаров жыйынтыгында Каракол шаарынын жетекчилигине “Каприз” тоо лыжа базасына бара жаткан жолду реконструкциялоо, оңдоодон өтүп жаткан “Каракол” аэропортуна кошумча жер бөлүү жана шаардагы мал базарды шардын четине чыгаруу сыяктуу бир катар маселелерди чечүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: