Кара-Балтадагы ишканадан чыккан ири өрт толугу менен өчүрүлдү

Кечээ, 3-июнь күнү болжол менен саат 22:16 чамасында Кара-Балта шаарында жайгашкан ЖЧК "Голден Магнат" ишканасынын 4 кабаттуу имаратынын 1-2 кабат кампасы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 22:18де 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 23:38де чектөөгө алынып, саат 02:00де күйүп жаткан өрт толугу менен өчүрүлдү.
Өрт кырсыгынын кесепетинен кампанын болжол менен жалпы 250 чарчы метр жери күйгөн. Ал эми болжол менен 650 чарчы метр жери өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинен улам сакталып калды.
Ишкананын жетекчисинин маалыматына ылайык, кампанын ичинде 300 килограмм селитра жана 1 тонна каустический сода болгон.
Өрттүн кесепетинен жаракат алгандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.