"Ата, мектепти 5 менен бүттүм". Казакстанда окуучу атасынын мүрзөсүнө грамотасы менен келди
Казакстанда атасынын мүрзөсүнө мактоо баракчасы менен келген мектеп окуучусу көпчүлүктүн жүрөгүн козгоду. Анын видеосу социалдык тармактарга тарады.
"Ата, саламатсызбы, карачы, мен мектепти 5 менен бүттүм. Эми үчүнчү класска барам" деди бала.
Айрым маалыматтарга караганда баланын атасы 2 жыл мурун каза болгон.
Учурда бул видео социалдык тармактарга тарап, көпчүлүгү окуучуга ыраазы болушууда.
"Сен эң мыктысың, атаң сени менен сыймыктанат" деп жазышууда интернет колдонуучулар.
Казакстанда окуучу атасынын мүрзөсүнө грамотасы менен келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.