super.kg logo

SPAR эл аралык супермаркеттер тармагы Кыргызстанга келет

 

Дүйнөгө белгилүү SPAR супермаркеттер тармагы жакында Кыргызстандын калкына жеткиликтүү болот. Алардын расмий өкүлү "Умай Групп" компаниясы эсептелинип, жакынкы күндөрү республика боюнча алгачкы 2 дүкөн тармагы Бишкек жана Балыкчы шаарында ачылуу алдында турат.

SPAR — төрт континенттеги 48 өлкөдө 13,600дөн ашык дүкөнү бар дүйнөлүк чекене тармак.

Тармактын аталышы анын ураанынын биринчи тамгаларынан түзүлгөн: "Door Eendrachtig Samenwerken Profiteren Allen Regelmatig", ал голланд тилинен которгондо: "Биз бардыгыбыз кызматташуудан пайда алабыз".

Дээрлик бир кылымдан ашык тарыхы бар SPAR өзүнүн урааны менен дүйнө жүзү боюнча кардарлардын ишенимине ээ боло алды. Чакан ассоциациядан баштап,Батышты гана эмес, Борбордук жана Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн рынокторун багындырган дүйнөлүк эл аралык тармакка айланды.

Өткөн жылдын күзүндө эл аралык соода түйүнү Алматы шаарында ачылып, казакстандыктар үчүн эшигин ачты. Мына эми жакынкы арада SPAR Кыргызстанга келет!

SPAR тармагынын башкалардан өзгөчөлүгү-бул жашылчалар жана жемиштер, кондитердик азыктар жана ароматтуу нан, кулинардык искусство, табигый ингредиенттерди колдонуу менен европалык рецепттер боюнча даярдалган кондитердик азыктардын дүйнөлөрү.

SPARдын дагы бир маанилүү айырмасы - даяр тамак-аштар болуп саналат. Дүкөнгө кандай максат менен келгениңизге карабай, эртең мененки жеңил тамактар ​​жана бизнес-ланчтарды кеңсеңизге ала кетсеңиз болот. Ошол эле учурда майрамдык тамактын толук кандуу порциясын да таба аласыз.

Даяр тамактардын чоң ассортименти өзүңүз үчүн жаңы жана өзгөчө нерсеге буюртма берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Мындан тышкары, SPAR кардарларга алардын тандаган тамактары кандай азыктардан кантип даярдалуусуна көз салууга мүмкүндүк берет. Бардык процесс ачык кулинардык станцияларда ишке ашат.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы SPAR ата мекендик сатып алуучуларга Европанын сапаттуу продукциясын арзан баада алууга мүмкүнчүлүк берет. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн бул Кыргызстандын SPAR дүкөндөрүнө продукцияларды жеткирүү боюнча, SPAR бренди менен эксклюзивдүү товарларды чыгаруу боюнча келишимдерди түзүү аркылуу таптакыр жаңы деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

SPAR тармагынын дүйнөлүк жүгүртүүсү 2021-жылы 41,2 миллиард еврону түздү. Тармактын 410 000ден ашык кызматкерлери күн сайын 14 миллион кардар үчүн өркүндөтүлгөн кызматты көрсөтөт.

SPAR ишенимдүү жана текшерүүдөн өткөн жеткирүүчүлөр жана өнөктөштөр менен гана иштейт. SPAR тармагынын Кыргызстандагы расмий өкүлү "Умай Групп" компаниясы жумушка болгон мамилеси менен бренддин көп жылдык салтын жана принциптерин улантат. Эл аралык бренддердин кыргыз рыногуна кириши өзгөчө маанилүү. Бул сатып алуучулардын жаңы нерсеге жетүүсү гана эмес, жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны жакшыртуу, жаңы технологияларды жана стандарттарды киргизүүгө жол ачат.

Кыргызстандагы SPAR компаниясынын жаңылыктарынан кабардар болуңуз!

@spar.kgz






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: