super.kg logo

Кантта убактылуу кармоочу жайдан адам өлтүрүүгө шектелген жаран качып кетти

 

Бүгүн, 5-июнь түнкү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Сабыров Кушубек Талантбекович изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ал Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо), 207-беренеси (каракчылык), 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына ушул жылдын 30-май күнү өткөн. Издөөдө жүргөн жаран Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон.

Абактагы Кушубек Сабыров нөөмөттөгү милициянын сержанты Ж.Т.га ооруп жатканын айткан. Сержант камерадан өзүнчө бөлмөгө алып кирген маалда Сабыров «жүрөгүм ооруп жатат» деп дары сураган. Милиция кызматкери нөөмөт бөлүмүнө барып дары алып келгенде Сабыров сержанттын алкымына бычак такап, жерге жаткырып, колуна кишен салып, бутун матрацтын айрындысы менен байлап, оозуна чүпүрөк тыгып, убактылуу кармоочу жайды ачып качып кеткен.

Окуя болгон жерден бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, темир кишен, андан тышкары убактылуу кармоочу жайдын сыртындагы батыш тарабынан уюлдук телефон табылган. Окуя боюнча тийиштүү багыттамалар берилип, Мамлекеттик чек ара кызматына Сабыров Кушубек Талантбековичти өткөрүп жибербөөсү тапшырылган. Андан тышкары Чүй облусунун аймагында шектүүнү кармоо боюнча бир канча план киргизилип, изделип жатат.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 368-беренеси (абактан же кайтаруудан качуу) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө. Айтылган адамды көргөндөр болсо, жакынкы жердеги милиция бөлүмүнө же «102» кыска номуруна кабарлап коюуну Ички иштер министрлиги өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: