super.kg logo

ЖРТ боюнча кошумча тестирлөө өтөт

 

Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) ар кандай себептер менен өз убагында катыша албай калгандар үчүн 23-24-июнда кошумча тест өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Белгиленгендей, каттоо 12-июндан 21-июнга чейин жүргүзүлүп, тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Эгерде абитуриент быйыл ЖРТга катталып, бирок кандайдыр бир себептер менен катышпай калган болсо, анда каттоо номери менен мурунку катталган жерине барып кайрадан өтүшү керек. Бул учурда абитуриент 3-форманы (тестирлөөнүн орду, датасы көрсөтүлгөн талонду) жана инсандыгын тастыктаган документти алып келиши керек. Катталуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк кабыл алынбайт.

Министрлик кошумча тестирлөөгө ЖРТнын мурунку этаптарына катыша албай калган жарандар гана каттала аларын эскертет. Бул жылы тестирлөөдөн четтетилген абитуриенттер кайрадан каттоодон өтө албайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.06.2023. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kachan. Bolot eken
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: