Катар эмиринин мамлекеттик сапарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
6-7-июнь күндөрү Бишкек шаарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-7-июнь күндөрү Катардын Эмири мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келет. Буга байланыштуу ИИМ мыйзамдуулукту жана тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүүдө.
Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Расмий иш-чаранын жүрүшүндө 3 миңге жакын милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун толук көзөмөлдөшөт.
"Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Буга байланыштуу жарандардан көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз", - деп билдиришти мекемеден.

