super.kg logo

Бишкекте жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

 

Бишкекте 1-июндан тарта жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу калаа бийлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин абанын температурасы 28 градуска жеткенде жана андан жогору болгондо жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет.

"Салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү уруксаттардын негизинде адамдарды, гуманитардык жардамдарды, көлөмдүү жана атайын жүктөрдү ташыган унааларга чектөөлөр киргизилбейт", - деп жазылат маалыматта.

Ага кошумчалай, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте шаардын айланасына кошумча жол белгилерин орнотушат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: