super.kg logo

УКМК кыргыз-казак чек ара өткөрүү пунктунда унаалардын топтолушу боюнча маалымат берди

 

Кыргыз-казак чек ара өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда “Ак-Тилек автожолу” өткөрмө түйүнүнүн алдында унаалардын топтолуп жатканы тууралуу маалымат такталган.

Өткөрүү пунктунун жанында жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу экени айтылат.

"Чек аранын кыргыз-казак чек арасынын башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын топтолушу катталган жок" деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан жүк ташуучу унаалар үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөө жок. Чек ара кызматына айдоочулар менен жүк ташуучулар тарабынан даттануулар жана дооматтар катталган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: