super.kg logo
  Саясат  

Надира Нарматова: "Мектептерде акча чогултууну токтотуу мүмкүн эмес"

 

Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда министрлер кабинети жана депутаттар тарабынан сунушталган “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.

Анда эл өкүлү Надира Нарматова мектептин күнүмдүк муктаждыктарына жараша акча чогултуу укугун ата-энелер комитетине берүүнү сунуштады. Ошондой эле депутат айым мектептерде акча чогултууну токтотуу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.

“Мектептерде ата-энелерден акча чогултууну токтотуу мүмкүн эмес. Силер чогултулбасын десеңер деле баары бир чогултула берет. Себеби күнүмдүк окуу процессинде балдардын өздөрүнүн муктаждыктары жаралып калат. Акча чогултулбасын деген нерсени эч ким тыя албайт. Реалдуу жашоого карата долбоор кабыл алыш керек”, – деп билдирди эл өкүлү.

Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө Надира Нарматова адегенде мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө эл, коомчулук, мамлекет да даяр болушу керектигин кошумчалады.

"Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүнү өзгөртүү зарыл, анткени мектеп программасы менен сынакта берилген тесттик суроолор башка болуп калууда. Мындан сырткары айыл чарба багытындагы ЖОЖдорго тапшыруунун босого упайын да төмөндөтүү керек”,- деди Нарматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: