Бишкекте 8 чакырым веложол жана тротуар курулууда
Борбор калаада "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан 4 көчөдө 8 чакырым тротуар курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Сухэ-Батор көчөсүн бойлой Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы) жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.
Ал эми узундугу 1 миң 600 погондук метрди түзгөн Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабындагы Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки тротуардын эски асфальты сыйрылып, бордюрлар орнотулууда. Садырбаев көчөсүнүн чыгыш тарабында Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин узундугу 2800 погондук метрди түзгөн веложолдун жана тротуардын курулушу аяктоодо.
Мындан тышкары Махатма Ганди көчөсүнүн чыгыш тарабында Саадаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин узундугу 3 миң метрди түзгөн тротуарда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

