super.kg logo

Бишкекте мамлекеттик ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду

 

Бүгүн, 5-июнда Бишкекте белгилүү кинорежиссёр, жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин эстелигин ачуу аземи болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, залкардын элеси түшүрүлгөн эстелик Октябрь кинотеатрынын жанына орнотулду.

Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттар, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган жетекчилер, залкар таланттын замандаштары, туугандары жана шакирттери катышты.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Баатыры Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 69 жашында каза болгон. Көзү тирүү болгондо быйыл ал 84 жашка чыкмак.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: