super.kg logo

Таалатбек Масадыков Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти менен жолугушту

 

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда Таалатбек Масадыков Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

"Жолугушууда аймактык коопсуздук, Ооганстанда учурдагы кырдаалдын өөрчүшү боюнча актуалдуу маселелер, атап айтканда потенциалдуу коркунучтар жана тобокелдиктер менен байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле эки тараптуу мамилелер жана Кыргызстандын экономикасына британиялык инвестицияларды тартуу маселелери козголду", - деп айтылды маалыматта.

Ага ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү элчи Авазбек Абдуразаков да катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: