super.kg logo

Бишкекте коомдук транспорттор текшерилди

 

Бишкек шаарында коомдук транспорттор текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейдди Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Бишкектин кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте өткөрдү.

Анда муниципалдык ишканалардын жана менчик ташуучу фирмалардын жетекчилери менен биргеликте аялдамаларда жүргүнчүлөрдү отургузуу жана түшүрүү эрежелеринин сакталышын, кыймылдуу курамдын техникалык абалын, санитардык нормалар текшерилди.

Белгилей кетсек, коомдук транспорттогу навигация системасы уруксатсыз өчүрүлсө, айдоочулар ишке киргизилбей калат.

"Мындан тышкары, шаардыктар менен иш жүргүзүлүп, аларга аялдамалардагы жүрүм-турум эрежелери да түшүндүрүлдү. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча МККБнын кызматкерлери аялдамаларда токтоп турган унаалардын айдоочуларына алар токтотуу эрежесин бузуп жатканын түшүндүрүштү. Биргелешкен иш-чаралар жол тыгындарынын жана кырсыктардын алдын алууга багытталган", - деп билдирди мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: