super.kg logo

"Инфоком" мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси кармалды

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Инфоком" мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматына жабдыктарды жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталган.

"Тендердин кээ бир катышуучулары менен сүйлөшүп алып, IT-жабдыктарды кымбат баада сатып алып, ал эми алардын кээ бирлери иш жүзүндө сатып алынбай жасалма түрдө алынды кылган “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы Т.Э.Б. кармалды. Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алдын ала маалымат боюнча, келтирилген чыгым дээрлик 57 миллион сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: