super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров “Эти Бакыр Терексай” тоо-кен ишканасынын жетекчилиги менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Эти Бакыр Терексай” түрк компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Шереф Дженгиз баштаган ишкананын өкүлдөрү менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды.

"Тереккан, Перевальное жана Терек кендерин иштетүү боюнча долбоорду мындан ары ишке ашыруу максатында Министрлер кабинети, “Eti Bakir” акционердик коому жана “Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коому ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Терек-Сай” кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. Ишканада 500дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: