super.kg logo

Бишкектиктер кандай учурда сууга кошумча акы төлөшөт? Вице-мэр түшүндүрмө берди (видео)

 

Бишкек шаарынын тургундары сууну үнөмдүү колдонбосо кошумча акы төлөшөт. Бул тууралуу калаа башчысынын орун басары Жыргалбек Шамыралиев SUPER.KG порталына билдирди.

Акыркы күндөрү Бишкек шаарында суунун жетишсиздиги актуалдуу маселелердин бири болуп келүүдө. Мэрдин орун басары Жыргылбек Шамыралиев жарандар сууну үнөмдүү пайдаланбай, туш келди колдонуп жатканын айтты.

"Сууну сарамжал колдонбогондорго бөгөт коюу максатында кошумча бааны кошууну карап жатабыз. Эгерде биздин жарандар сууну үнөмдүү колдонсо, анда алар 1-июнда жаңы киргизилген тариф боюнча төлөшөт. Азыркы күндө жарандар ичүүчү сууну негизсиз, башка тармакка колдонуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Кээ бир жарандар ичүүчү суу менен жер сугарып жатышат. Ошондой эле суу менен ишкерлик кылгандар да бар. Көп көлөмдө иретсиз колдонсо, анда экономикалык тараптан да шарттарды киргизишибиз керек. Антпесек биз бүгүнкү күндө суунун тартибин киргизе албайбыз. Биз өзүбүздүн кийинки келечегибиз үчүн дагы алдын ала көп жылга көз чаптырып карашыбыз зарыл", - деди Шамыралиев.

Мындан тышкары ал Раззаков көчөсүндө токтоосуз агып жаткан суу тууралуу да түшүндүрүп өттү.

"Токтоосуз агып жаткан суу атайын бак-дарактарды сугаруучу техникалык сугат суу болуп саналат. Бизде шаар боюнча сугат суу үчүн 24 скважина бар. Бул жылга сугат суу үчүн 6 скважина курууну пландап жатабыз", - деп кошумчалады мэрдин орун басары.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө шаарда суунун 2 түрү боюнча: сугат сууга, экинчиси ичүүчү суу үчүн скважина бар. Ичүүчү суунун тереңдиги 170 метрди түзсө, сугат суунун тереңдиги 30-60 метрге чейин гана болот.

Маалымат үчүн: Ушул жылдын 30-майында Бишкек шаардык кеңеши 1-июндан тарта муздак сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алган. Учурда калаа бийлиги Бишкекте жыл сайын муздак сууну колдонуунун көлөмү жана керектөөчүлөрдүн саны өсүп жатканын белгилеп, шаардыктарды сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырып жаткан чагы.






Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: