super.kg logo

Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялады  

 

Билим берүү жана илим министрлиги борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн башкы, улук жана кенже топторуна административдик мамлекеттик кызмат орундарына сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Алай, Өзгөн, Ноокат, Аксы, Базар-Коргон, Тогуз-Торо, Чаткал, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Сузак, Баткен, Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Кочкор, Түп, Тоң, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Кара-Кол, Ысык-Ата, Кемин, Сокулук, Панфилов, Чүй-Токмок райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында сынак жарыяланды.

Белгилей кетсек, талапкерлер сынакка ушул жылдын 5-июнунан тартып 14-июнуна чейин катыша алышат.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • жеке арызы;
  • өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
  • резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.

Толук маалымат алуу үчүн байланыш номер: (0312) 62-05-09.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: