super.kg logo

"Баш мээси чайкалып, сынык алып...".  Баткенде жол кырсыгына кабылган окуучулардын абалы айтылды

 

Баткендин Кадамжай районунда жол кырсыгынан улам жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 2 окуучу палатага которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кадамжай аймактык ооруканасынын директору Мирлан Эназаров билдирди.

"9 окуучу 6 күндөн бери биздин көзөмөлдө. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 2 окуучуну палатага котордук. Бирок абалдарын туруктуу оор деп айтсак болот. Ал эми калган 7 бала дагы дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Алардын көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалып, түрдүү сынык алышкан. Дагы 10 күнгө жакын убакыт биздин кароодо болушат. Анан абалдарына карап үйүнө чыгарабыз. Ал эми жаңы эле палатага которулган 2 кызды качан үйлөрүнө чыгарабыз азырынча белгисиз", - дейт Эназаров.

Белгилүү болгондой, 1-июнь күнү Баткендин Кадамжай районунда мектеп окуучулары жана алардын класс жетекчилеринин катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен биргеликте виньеткага сүрөткө түшүп, андан соң саат 18:30да Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасына барып сүрөткө түшөбүз деп, Hyundai Porter унаасына 25 окуучу чыккан. Унааны А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо унаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.

Учурда жол кырсыгына кабылган окуучулардын окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мектеп администрациясына жана класс жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлө турганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: