super.kg logo

Депутат: "Соттор, уят да! 2300 сом уурдаганы үчүн СИЗОдо төрөгөн аялды көрдүм"

 

Кыргызстандагы судьяларга пенсия бербей койсо деле болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетиинин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу айтты.

"Ачыгын айтканда бул сотторго пенсия бербей койсок деле болчудай. Мен кечээ Степноедеги аялдардын колониясына барып, абактагы кыз-келиндер менен жекеме-жеке сүйлөштүм. Менин колумда акыркы алты айдагы абактан шарттуу бошотулгандардын тизмеси бар", - деди ал.

Жусупбек Коргонбай уулу оор кылмыш кылгандардын тизмесин атап, алар шарттуу бошотулганын айтты.

"Ал эми 2300 сом уурдап, 6 жылдан бери абактан чыга албай жаткан кыз-келиндер менен сүйлөштүм. Ар бир жылды азайтыш үчүн Аламүдүн райондук сотунда 2000 доллардан 4000 миң долларга чейин ставка бар экен. Мына сотторго пенсия. Кадимкидей базар.

2300 сом уурдап, СИЗОдо төрөп, балдарын кучактап отурган энелерди көрдүм. Соттор, уят да! Анан бул жерде пенсиясын талкуулайбыз", - деди Жусупбек Коргонбай уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: