super.kg logo

Даниэль Ажиев 29-июлга чейин камакта калды

 

Кечээ, 5-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Даниэль Ажиевдин бөгөт чарасын карады. Анын жыйынтыгында ал 26-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармала турганы айтылды. Бул туурасында райондук соттун маалымат кызматы кабарлайт.

Ал ушул эле күнү командасы менен УКМК тарабынан кармалган.

Алардын кармалуусунда Э.А. аттуу жарандын арызы себеп болгон. Ал арызында веб-кам студиясынын оператору болуп иштегенин, администратор тарабынан психологиялык кысым көрсөтүлүп, коркутуп 2000 доллар талап кылганын айткан.

УКМКнын маалыматы боюнча тергөөнүн алкагында Ажиевге тиешелүү үч чоң студияда тинтүү жүргүзгөн. Атайын түзүлгөн сайттарда акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн 30 оператор жана 80 компьютердик техника колдонулганы аныкталган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагында "Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызмат көрсөткөн" кыздарды жумушка алышкан.

Операторлор үч нөөмөт менен иштеп, кызматкерлердин жалпы саны 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: