Чүйдүн тургуну Закиржан Заитов: "18 жылдан бери жашап жаткан үйүмдү бейтааныш адамдар тартып алды"
Лебединовка айылынын тургуну 65 жаштагы Закиржан Заитов 18 жылдан бери жашап жаткан үйдү мурдагы кожоюнга эч кандай тиешеси жок эле адамдар документ жасатып тартып алды деп SUPER.KG порталына кайрылды.
Каарманыбыз 65 жашта. 4 жашында ата-энеси бул дүйнөдөн өтүп кетип, жалгыз калгандыктан Ысык-Көл облусунун Барскоон айылындагы балдар интернатында чоңойгон. 1976-жылдан бери Аламүдүн районунун Лебединовка айылында жашайт. Өзү маркумдарга жай казуу менен алектенет. Үйдүн кожоюну каза болгондуктан кошуналары аксакалдар сотунун кеңешинин чечими менен Закиржан Заитовго өткөрүп беришкен. Ал 2004-жылдан бери дал ушул үйдө баш калкалап келген. 2021-жылдан бери үйгө эч кандай катыштыгы жок адамдар талашып, чыр чыгарып келишет.
"Мен бул үйдө 18 жылдан бери жашап келем. Мен жашаган үйдүн кожоюну кытайлык жаран болчу. Анын эч кандай тууган-туушкандары болгон эмес. Ооруп калган кездери биз, кошуналар менен кабар алып турганбыз. Эми эле бейтааныш адамдар "биз тууганы болобуз" деп үйдү талашып жатышат. Жубайым үйдүн чыры башталганда чыдабай кетип калган", - деди каарманыбыз.
Мындан тышкары ал кошуналары учурда үйдүн короосуна чатыр тигип, ошол жерде күн кечирип келерин айтып, түн ичинде үйдү тартып алгандар сабап кетишпесин деп нөөмөт менен кайтарып чыгышарын кошумчалады.
Толугу менен видеодон көрүңүз.


