super.kg logo

Эл өкүлү социалдык тармактарда сөгүнгөн жарандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салууну сунуштады

 

Депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактарда уят сөздөрдү колдонгон жарандарга айып салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү социалдык тармактарда сөгүнгөндөрдүн видеолору жарыяланып жатканын, бирок маданият министрлиги бул маселеге эч кандай көңүл бурбай жатканына таң калып жатканын айтты.

"Социалдык тармак аркылуу чыгып алып, бири-бирин сөгүп жатышат. Туз эфирге чыгып алып эмне гана кылышпайт. Мындай көрүнүштөр биздин балдарга кандай таасир этет. Ал жагын да ойлоп коюшубуз керек. Маданият министрлиги буга чейин бул маселеге көңүл бурбай эмне кылып отурду деп таң калып жатам. Мындай видеолорду көрүүгө чектөө киргизүү керек. Ал эми жарандардын өздөрүнө 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул салуу керек. Алар менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу ушул", - деди Икрамов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: