Ар шаршемби күнү Панфилов сейил багындагы аттракциондорго арзандатуулар болот
Жайкы каникулдун башталышы менен Бишкектеги Иван Панфилов атындагы паркта атайын акция башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.
Маалымдалгандай, бардык жарандар үчүн, өзгөчө социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн арзандатуулар каралат.
Ар шаршемби күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин чоңдор жана балдар үчүн 50 сомдук бир жолку билет, ошондой эле аттракциондорго 80 сомдук билет алууга болот.
Акция жайдын аягына чейин уланат. Мэрия бардык аттракциондор техникалык кароодон өткөнүн билдирди.
"Бардык аттракциондор жана механизмдер тиешелүү техникалык экспертизадан өткөн. Урматтуу шаардыктар, балдар жана борбордун меймандары! Сиздерди биздин аттракциондорубузда көңүл ачууга жана сейилдөөгө чакырабыз!", - деп белгилейт сейил бактын администрациясы.


