Эртеңден баштап калаада коомдук транспорттун айрым каттамдары жол кыймылын өзгөртөт




Бишкекте 7-июндан тарта №21, №118 жана №260 каттамдарынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, мындай чектөө Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолунан ЧЧКга чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу киргизилди.
"Алар белгисиз убакытка чейин Буденный көчөлөрүн Жибек Жолу проспектисинен ЧЧКга чейин Курманжан Датка, Чугуев, Станционная, Нургазиев көчөлөрү менен айланып өтүшөт", - дешти мекемеден.
SUPER.KG порталынын Телеграм каналына катталыңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.