"Түшүм мол болсун". Жалал-Абадда коон-дарбыз бышты
Жалал-Абаддын Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө коон-дарбыз бышып, алгачкы түшүм сатыкка чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган райондун акими Замирбек Сыдыков билдирди.
"Коон-дарбыз өлкө боюнча биринчилерден болуп, биздин Үч-Коргон айылында бышат. Алдыңкы 15-20 күндүн ичинде биздин дыйкандар алгачкы түшүмүн толугу менен сатып бүтүшөт. Андан кийин гана коон-дарбыз Оштун аймагында бышып баштайт. Жергиликтүү дыйкандар жыйнаган түшүмүн Шамалдысайдагы чоң дарбыз базарда сатышат. Ал жерге өлкөнүн булуң-бурчунан келип, дыйкандардын түшүмүн сатып алып кетишет. Буга чейин Үч-Коргон аймагында сугат суу маселеси чыгып, жергиликтүү бийлик ошол замат аны чечип бердик. Анткени мол түшүм үчүн суу маанилүү", - дейт аким.
Белгилүү болгондой, учурда талаадан келген дарбыздын килограммы 30-35 сом, коон 25-30 сомдон сатылууда. Ал эми былтыр июнь айынын аягында дарбыздын килограммы 10 сомдон сатылган.
Эскерте кетсек, Үч-Коргон айыл өкмөтүндө 3600 гектар дыйканчылык талаасы бар. Анын жарымына коон-дарбыз эгилет. Жергиликтүүлөрдүн негизги киреше булагын дыйканчылык түзөт.




1 |