Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик жаңжалында майып болгон Шоира Жулдибоева менен жолукту (фото)





Бүгүн, 6-июнда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургуну Шоира Жулдибоева менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Шоира Жулдибоева 3 кызы менен бирге 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуу учурунда жол кырсыгынан алган жаракатынан улам майып болуп калышкан. Автоунаадагы 24 адамдын 12си алган жаракаттан улам каза тапкан, анын ичинде Жулдибоеванын жолдошу Абдыганы Мамиров, уулу Абдырашидов Максатбек жана кызы Сумай Абдырашитова да болгон. Учурда Шоира Жулдибоева 3 баласы менен дарыланып жатат.
Дарыгерлердин сунушу боюнча Жулдибоева жана анын кыздары Бишкектен дарылануусу зарыл, ал эми балдар психологиялык жактан жабыркап, Баткен облусундагы үйлөрүнө кайтып баргылары келбейт.
Жолугушуу учурунда Ташиев Бишкек шаарынан жеке турак-жай алууга көмөк көрсөтүүгө убада берип, дарыланууга материалдык жардам көрсөттү.

