super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев "өтө оор кылмыш кылгандарга кечирим болбошу керек" деди

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 11-декабрда депутат Өмүрбек Текебаев өзгөчө оор кылмыш кылгандарды жоопко тартуу мөөнөтүнүн эскиришин жоё турган мыйзамды 31-декабрга чейин кабыл алуу зарыл экенин айтып, депутаттарды колдоп коюуга чакырды. Ал сунуштап жаткан мыйзам боюнча, "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу мөөнөтүнүн эскириши жоголот. Аларды кайсы учурда болсо да соттоого жол ачылат.  

“Эгер бул мыйзамды 2014-жылга чейин кабыл албасак, 2003-жылы бул беренелер боюнча кылмыш кылгандар жоопкерчиликтен кутулуп кетет. Өтө оор кылмыш кылгандарга кечирим болбошу керек”,- деди Текебаев. Башкача айтканда, 2003-жылкы “Кумтөр” келишимине күнөөлүү адамдардын кылмышы жаңы жылдан кийин эскирди деп эсептелип, аларды соттоо мүмкүн болбой калат.  

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: