ЭЛДИК КАБАРга жооп: Улуттук госпиталдан Урология бөлүмүндө таракан чыкпаганын айтышты
Бүгүн, 6-июнда окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, Улуттук бейтапкананын Урология бөлүмүндө таракандар жүргөнүн билдирген.
Анда ал Улуттук бейтапкананын Урология бөлүмүнүн бейтаптар тамактануучу жерде күнү-түнү таракандар жүргөндүгүн айткан.
Ал кайрылуусунда "Бишкектеги Республикалык оорукананын Урология бөлүмүндө таракандар жүрөт. Санитар кызматкерлери эч кандай санитардык нормаларды сактабайт. Бейтаптар тамактануучу жерге дары чачып коюшат. Ал жерде бейтаптар тамактанышат да", - деген.
Улуттук бейтапкананын Инфекциондук көзөмөлү Урология бөлүмүн жеринде барып кабар алган. Анда алар аталган бөлүмдө бир да таракан табылган эместигин билдиришти.
"Инфекциондук көзөмөлү Урология бөлүмүн жеринде барып кабар алган. Маалыматка ылайык, Урология бөлүмүн текшергенде таракандар табылган жок, тазалык сакталууда. Урология жана башка бөлүмдөрдө тазалыктын сакталышы Инфекциондук көзөмөлүнүн көзөмөлүндө. Пландуу түрдө Улуттук бейтапкананын бардык бөлүмдөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп турат", - деп билдиришти мекемеден.

