super.kg logo

Жапонияда жылмаюуну унутуп калгандар үчүн тренингдер өтүлүүдө

 

Covid-19 пандемиясы учурунда беткап тагынып, жылмаюуну унутуп калгандар үчүн Жапонияда атайын тренингдер өтүлүп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Маалыматка караганда, мындай иш-аракеттер жарандардын жылмайып жүрүүсүн шарттоо үчүн уюштурулуп жатат. Тренингде жарандарга бет булчуңдарын туура кыймылдатууну үйрөтөт.

Ал эми Токио шаарындагы "Эгаоику" жылмаюуну үйрөтүү борборунун негиздөөчүсү Кейко Кавано өлкөдө 3 жылга жакын созулган коронавирус учурунда беткап кийүү адатка айланып калганын, ошондуктан адамдардын көпчүлүгү аз жылмайып калганын The Asahi Shimbun” гезитине берген маегинде билдирген. Анын айтымында, Жапонияда беткап чечүүгө уруксат берилгенден бери аталган борборго кайрылгандардын саны өскөн.

“Биз адамдарды жылмайып бактылуу кылууну максат кылабыз, буга салым кошконубуз үчүн абдан кубанычтабыз»,-деди Кавано.

Тренингден жапондор жаак жана көз аймагындагы булчуңдарды туура кыймылдатып, дени сак жылмаюуну үйрөнө алышат. Ал эми аталган курска катышуу 55 долларды түзөт.

Эске салсак, Жапонияда 13-марттан баштап беткапсыз жүрүүгө уруксат берилген. Бирок жарандардын арасында азыркыга чейин беткабын чечпегендер да кездешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: