super.kg logo

Бишкек мектептеринде жайкы лагерлер салтанаттуу ачылды (фото)

 

Бишкек мектептеринде жайкы лагерлер салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, мектеп алдындагы лагерлер ишин 5-июндан 30-июнга чейин жүргүзөт. Жалпы 39 мектепте лагерь уюштурулса, анын 34ү тамак менен камсыздалган. Лагерлер саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштеп, 4 миң 285 окуучуну камтыйт.

Мектеп лагеринде балдар ийримдик иштер менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Анда маданий саякаттар, спорттук оюндар, сынактар жана башка көптөгөн иш-чаралар уюштурулат. Балдардын чыгармачылык борборлору 71 ийримдин ишин уюштурду.

Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, жашы жете элек балдар менен иштөө инспектору бекитилип, балдардын коопсуздугу мектептин коопсуздук кызматы тарабынан да камсыздалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: