super.kg logo

Кантта "кооптуу туткундун качуусуна көмөктөшкөн" деп шектелген милиция кызматкерлери кармалды

 

Кантта оор кылмыштарга, анын ичинде адам өлтүрүүгө айыпталган кооптуу кылмышкердин качуусуна жардам берген деп шектелген милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматта айыпталуучунун убактылуу кармоочу жайдан качып кетүү фактысы боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иши козголгону тууралуу айтылыт.

"5-июнга караган түнү милициянын нөөмөтчүсү Ж.Т.К. жана райондук ички иштер бөлүмүнүн УККнын милиция кызматкери Д.К.Б. өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган Кушубек Сабыровдун качып кетишине жардам берген - адам уурдоо, каракчылык, мыйзамсыз эркинен ажыратуу жана адам өлтүрүүгө аракет кылган" - деп билдирди мекемеден.

Ага ылайык, кылмышкердин качуусуна жардам берген деп шектелген УККнын кызматкерлери Ж.Т.К. жана Д.К.Б. кармалган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 5-июнь түнкү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Сабыров Кушубек Талантбекович изделип жаткандыгы тууралуу кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: