"Мугалимге 5, депутатка 1 миллион сом". Мамлекеттик кызматкерлерге канча сом кенемте төлөнөт?
Мугалим, дарыгерлер кызмат учурунда каза тапса 5 миллион сом кенемте төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда финансы министри Алмазбек Бакетаев парламентте билдирди.
Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет “Прокуратура жөнүндөгү” конституциялык мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоорду биринчи окууда кабыл алды.
Жыйында министр Бакетаев мамлекеттик кызматкерлер жумуш учурунда каза болсо канча компенсация берилери тууралуу маалымат берди.
Кызмат учурунда каза тапкандардын үй-бүлөсүнө төлөнүүчү кенемтенин суммасы:
Андан соң эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин депутаты каза тапса канча сом төлөнөрүнө кызыкты. Бакетаев депутат, мамлекеттик кызматкерлер, министрлерге 1 миллион сом каралганын билдирди.
Жогорку Кеңеш 06.06.23.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

