Ошто чоң көчөлөрдүн биринде асфальт басуу иштери башталды
Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигенов А. Масалиев көчөсүндөгү асфальт басуу иштери менен таанышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июнда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Масалиев көчөсүн капиталдык асфальттоо иштеринин 1-этабынын жүрүшү менен таанышты. Анда калаа башчы жумушчуларга асфальт төшөө иштерин көп убакытка созбой, өз убагында бүтүрүүнү айтты.
Мындан тышкары калаа башчы аталган тилкедеги жолду капиталдык оңдоонун мөөнөттөрү боюнча жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруп, жумуштарды графикке ылайык бүтүрүү талабын койгон.
Эске салсак, 2-июнда капиталдык жаңыдан асфальттоо иштерине байланыштуу А. Масалиев көчөсүнүн Ж. Шамшиев көчөсү менен Р. Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишине чейинки бөлүктөрү жабылары айтылган.

