super.kg logo
  Спорт  

"Манчестер Сити" клубунун оюнчусу дүйнөнүн эң кымбат футболчусу аталды

 

Норвегиялык чабуулчу Эрлинг Холанд дүйнөнүн эң кымбат оюнчусу аталды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Манчестер Ситинин" 22 жаштагы чабуулчусу Спорт изилдөөлөр борборунун маалыматы боюнча 245 миллион 100 миң еврого бааланып, баасы 200 миллион евродон ашкан жалгыз оюнчу болду.

Тизмеде экинчи орунда 196 миллион 300 миң еврого бааланган "Реалдын" оюнчусу Винисиус Жуниор турат. Үчүнчү орунду 195 миллион 800 миң евро менен "Арсеналдын" оюнчусу Букайо Сака ээледи.

Алдыңкы ондукка Жуд Беллингем (190,2 миллион евро), Родриго Гоэс (184,5 миллион), Педри (178 миллион), Гави (174,1 миллион), Жамал Мусиала (170,2 миллион), Фил Фоден (166,8 миллион), Килиан Мбаппе (163,2 миллион) кирди.

Холанд буга чейин "Манчестер Сити" менен Премьер-Лиганы жана Англия Кубогун жеңип алган. Норвегиялык футболчу сезондо Манчестер шаарынын клубу үчүн 35 оюнда 36 гол киргизип, 8 жолу голдук пас чыгарып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.06.2023. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер класс
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: