Бишкекте кант диабети менен ооруган балдар үчүн “Diabet Party” иш-чарасы өттү









Бишкекте 1-типтеги кант диабети менен ооруган балдар жана алардын ата-энелери үчүн II оюн-зоок-маалыматтык “Diabet Party” иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чараны Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата дарыгер-эндокринолог Нургиза Искенова жана 1-типтеги кант диабети менен ооруган жаш балдардын тобу өткөрүштү.
Иш-чаранын максаты - кант диабети менен ооруган дарыгерлерди, ата-энелерди жана жаш балдарды бириктирип, кант диабетине каршы чогуу күрөшүү. Ошол эле учурда позитивдүү жашоого дем берүү, ооруга карабай башкача жашоого, позитивдүү эмоционалдык маанайда болууну үйрөтүү болуп саналат.
Уюштуруучулардын айтымында, 1-тип кант диабети бүгүнкү күндө айыккыс оору болуп саналат жана бул оору жаш балдарды, өспүрүмдөрдү жана жаштарды жабыркатат. Бир гана Бишкек шаарында 18 жашка чейинки 666 бала бул оору менен ооруп, майып балдардын катарына киришет. Республикада 1-типтеги кант диабети менен ооруган балдардын саны 1000ге жеткен.
Бул оору тамактанууну такай көзөмөлдөөнү, кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөөнү, инсулинди күнүнө 10-15 жолудан киргизүүнү талап кылат. 1-типтеги кант диабети менен ооруган балдар ата-энесинин коштоосуз көптөгөн иш-чараларга катышуудан баш тартууга аргасыз болушат.

