super.kg logo

Ноокатта 22 баш малды уурдаганга шектүү кармалды

 

Ноокат районунда 33 жаштагы Д.М. аттуу жаран 22 баш мал уурдаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматта ушул жылдын 23-майында Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын сегиз тургуну Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Анда алар апрелде жалпы 22 баш малдарын жайытка айдашып, ошол бойдон таппай калышкандыгын билдиришкен.

Ага ылайык, Ноокат РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Анда жабырлануучуларга жалпы 1 миллион 420 миң сом материалдык зыян келтирилген.

"Шектүү катары ушул эле райондун 33 жаштагы Д.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү уурдалган малды Ноокат районундагы мал базарда жана өзү жашаган үйүнөн мал алып сатып иштеген атуулдарды чакырып саткандыгы аныкталган. Ошондой эле 5 баш мал ээлерине кайтарылды", - деп билдирди мекемеден.

Учурда мал урулукка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.06.2023. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иш жаман болгонго кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: