super.kg logo

"Таза суу маселеси". Бишкекте 100дөй объектке суу берүү токтотулду

 
Суунун тартыштыгына байланыштуу Бишкекте ичүүчү сууну колдонгон 100гө жакын объектке таза суу берүү токтотулду. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ленин районунда 35 объект суу берүү токтотулду, буга чейин 48 объект ишин токтоткон. Октябрь районунда 11 объектиде суу өчүрүлдү.
"Буга чейин ичүүчү сууну өчүрүү тууралуу эскертүүлөр абоненттерге таратылган" деп билдиришти аталган ишканадан.
Май айынын аягынан баштап Бишкектин көпчүлүк аймагында таза суу чыкпай, тургундар нааразычылыгын билдирип келишүүдө.
Бишкектеги таза суу маселесин бүгүн, 7-июнда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. Депутаттын айтымында суунун өчүрүлүшүнө нааразы болгон жарандар жакында көчөгө чыгат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: