Быйыл Кыргызстанга 10 миллион туристтин келиши күтүлүүдө
Быйылкы жылы өлкөгө 10 миллонго жакын туристтин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова брифинг учурунда билдирди.
Маалым болгондой, быйылкы жылдын биринчи кварталынын негизинде Кыргызстанга 1 миллион 900 миңге жакын турист келген. Алардын көпчүлүгү коңшу Өзбекстандан, Казакстандан, Орусиядан, Европадан жана Араб өлкөлөрүнөн келишкен.
“Баары биз пландагандай болсо,мбыйылкы жылы 10 миллион туристтин келиши күтүлүүдө” дейт Кенжематова.
Кенжематова 2022-жылы өлкөгө жалпы 7,5 миллион турист келгенин кошумчалады. Алардын көпчүлүгүн ар кандай иш-чарага, эс алууга келгендер, альпинисттер, жана өз алдынча велосипед же мотоцикл аркылуу келгендер түзөт.
Ошондой эле брифинг учурунда жаңы туристтик объектилерди куруп жаткан ишкерлерди салыктан бошотуу сунушталып жатканы айтылды. Кенжематованын айтымында, аймактарда туристтерди жайгаштыруу үчүн орундар жетишсиз.
"Туристтик объектилерди курган ишкерлерди жок дегенде алгачкы 3 жылда салыктан бошотуу сунушу бар. 2024-жылдан тарта биз муну жасай алабыз деп ишенем. Министр өзү бул демилгени колдоду ”, - дейт Кыял Кенжематова.



1 |