Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баштапкы капиталы 13,3 миллиард сомду түздү

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын баштапкы капиталы 13,3 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- 2016-жылы - 310 миллион сом (уставдык капиталды түзүүнү эсепке алуу менен 10 миллион сом);
- 2019-жылы - 100 миллион сом;
- 2021-жылы - 5,3 миллиард сом;
- 2021-жылы каралган каражаттардын 500,0 миллион сому;
- 4 миллиард сому "МИК" ААКтан алынган финансылык каражаттар, мурда алынган кредиттер боюнча карыздарды жабуу үчүн;
- 2022-жылы - 3,8 миллиард сом;
"МИК" ААКнын уставдык капиталына салым катары 99,2 миллион сом суммасында турак жай объектилери которулган.
2 кабаттуу үй, 1,5 миллиард сом өлчөмүндөгү жер тилкелери "МИК" ААКнын уставдык капиталына салым катары которулган.
- 2023-жылы (январь-май) - 2,2 миллиард сом.



