super.kg logo

Бишкекте конуштарды таза суу менен толук камсыз кылуу үчүн жаңы суу түтүктөрү орнотулууда

 

Бишкекте шаардыктарды толук таза суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы суу түтүктөрү орнотулууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-июнда "Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардыктарды толук ичүүчү суу камсыз кылуу үчүн 1 миң 300 метрлик жаңы суу түтүктөрүн орнотуп баштады. Суу түтүктөрүн орнотуу иштери Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл Баатыр көчөсүнө чейин жүргүзүлөт.

"Учурда 1 миң 300 метр жер казылып бүтүп, 52 чарчы метрине Арча-Бешик конушунун Айылчиев көчөсүндө суу түтүктөрү орнотулууда. Жумушчулар суу түтүктөрүн орноткондон кийин артынан жерди тегиздеп жатышат", - деди мекемеден.

Мындан тышкары Арча-Бешик конушундагы 70 үй-бүлө колдоно турган суу түтүктөрүнө 500дөй үй-бүлө туташып алганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, курул иштери мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: Ушул жылдын 30-майында Бишкек шаардык кеңеши 1-июндан тарта муздак сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алган. Учурда калаа бийлиги Бишкекте жыл сайын муздак сууну колдонуунун көлөмү жана керектөөчүлөрдүн саны өсүп жатканын белгилеп, шаардыктарды сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырып жаткан чагы






Бишкек суу канал канал тарабынан 1 миң 300 метрлик суу түтүктөрү орнотулууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: