super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтүн узарткан мыйзам долбоорун кабыл алды

 
Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор үчүнчү окууда кабыл алынды.
Ага ылайык, аскердик келишимдин мөөнөтү 5тен 10 жылга жана зарылчылык жаралган учурда аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү 12ден 14 айга чейин узартылат.
Демилгечи – Министрлер кабинети. Коргоо министрлиги буга себеп катары биринчи чакырылыштагылар кетип, кийинкиси толукталып, даярдалганга чейин көп убакыт кетип каларын жүйө келтирген.
Эми аталган мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: