super.kg logo
  Спорт  

"Парижде өзүмдү бактылуу сезген жокмун". Лионель Месси америкалык клуб менен келишим түздү

 

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси америкалык "Интер Майами" клубу менен үч жылдык келишим түздү. Бул тууралуу Tyc Sports порталы жазды.

Маалыматка караганда, аргентиналыктын келишиминде ал америкалык клубдан алгачкы эки сезондун аягында эркин агент катары кете алат деген пункт бар.

Ал эми “Mundo Deportivo” порталынын маалыматында Месси ПСЖда жүргөндө өзүн бактылуу сезе албаганын айткан. “Париждеги эки жыл менин чечимиме таасирин тийгизди десем болот. Мен өзүмдү бактылуу сезген жокмун. Бул менин үй-бүлөлүк жашоомо да таасирин тийгизди», - деди Месси.

Эске салсак, 3-июнда аргентиналык чабуулчу франциялык "Пари Сен-Жермен" курамында акыркы беттешин өткөргөн. Мессинин аталган клуб менен келишими ушул айда аяктагандыктан, ал "Интер Майами” клубуна өттү.

Белгилей кетсек, америкалык “Интер Майами” клубу Дэвид Бекхэм жетектеген инвесторлор тобуна кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: