super.kg logo
  Саясат  

Маматалиев: "Суунун башында туруп суу жок дегенибиз кечирилгис"

 

Суунун башында туруп суу жок дегенибиз кечирилгис. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бүгүн, 8-июндагы парламенттин жыйынында билдирди.

"Кечээ күнү айтып жатабыз "мөңгүлөр эрибесе биз эмне кылалы" деп. Туура, бирок алар эрибейт деп карап, күтүп отура берсек болбойт. Биз маселени чечип беришибиз керек. Биз кантип жардам бере алабыз? Мен айтып коёюн, Бишкек шаарынын мэриясы өкмөткө 2 жылдан бери кайрылып жатыптыр. Суу кампалары үчүн жер бергиле, каражат бергиле деп кайрылса, өкмөт бул маселени чечпегенинен бүгүнкү абал жаралып, суу жок отурабыз", - деди эл өкүлү.

Маматалиевдин айтымында бул маселени чечүү үчүн 100 миллион сом жана 4 аймактан жер керектелет. Ал бюджет боюнча комитетинин жыйынын уюштуруп, бул каражатты тез аранын ичинде бөлүп берүү боюнча чечим кабыл алууну сунуштады.

"Мэрия бул маселени чече албай жатса, колунан келбей жатса, өкмөт кылбай жатса, ким кылыш керек? Биз киришпесек болбой калды", - деди Маматалиев.

Эл өкүлүнүн сунушу эске алынып, бүгүн 15 мүнөттүк танапис учурунда Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитети атайын жыйынга чогулуп, 100 миллион сомду бөлүп берүү боюнча маселени карамай болду.






Жогорку Кеңеш 08.06.23.

Жогорку Кеңеш 08.06.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: