super.kg logo
  Спорт  

Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде биринчиликти сактап калды

 

Кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк мыкты күрөшчүлөр рейтингинде биринчиликти сактап калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун жаңыланган рейтингинде белгилүү болду.

Белгилей кетсек, рейтинг 1-4-июнда Бишкек шаарында өткөн рейтингдик турнирден кийин жаңыланган. Аталган турнирге Жоламан Шаршенбеков катышкан жок, бирок тизмедеги ордун сактап кала алган.

Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде килем үстүнө чыгат. Буга чейин Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде коло байгеге ээ болгон Эрназар Акматалиев дагы жаңыланган рейтингде биринчи орунда жайгашкан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: